Сузакта жабыркаган балдарга президенттин фондунан акча берилди

Окуя жазылган видеодон алынган сүрөт. 2-май, 2024-жыл. Сузак району.

Сузактагы "Манас айтуу" фестивалында жабыркап, реанимацияда жаткан беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон берилди. Жабыркаган дагы 30 балага 50 миң сомдон бөлүндү. Каражатты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 3-майда тапшырганын "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдады.

Ташиев бейтаптардын ата-энелери менен жолугушту. Ал абалы оор балдар Бишкекке учак менен жеткирилип, дарыланарын кошумчалады. Ал "Урааным Манас" чакырыгы менен өткөрүлүп жаткан иш-чаранын коопсуздук маселесине көңүл бурулбаганы бийликти таң калтырып турганын айтты:

"Мунун баарын иликтейбиз. Тиешелүү адамдар жообун алышат. Президент дагы тиешелүү адамдардын жоопкерчилиги тууралуу сунушту күтүп турат. Коопсуздук кызматынын, милициянын жана прокуратуранын өкүлдөрү бул маселени ийне-жибине чейин иликтеп чыгат".

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү да жабыркагандарга акчалай жардам берилерин маалымдады.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тоо боорунда "Манас айтуу" иш-чарасы өтүп жатканда "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү машине жүрүп кетип, баштапкы маалыматтарда 30 бала жабыр тартканы айтылган.

Жума күнкү расмий маалыматка ылайык, 12 бала ооруканада жатат, алардын бешөө реанимацияда. Дарыгерлер алардын абалын оор деп баалашууда. Автоунаанын ээси кармалган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Окуучулар арасында республикалык деңгээлде өтүп жаткан "Манас айтуу" фестивалы Сузактагы кырсыктан кийин токтотулду. (SE\TB)

Дагы караңыз

Сузактагы кырсык: ооруканадагы он бала Бишкекке жеткирилди Окуучулар арасында "Манас айтуу" фестивалы токтотулду