Украинанын Одесса облусу бүгүн 2-майга караган түнү да Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылганын, 14 киши жараат алганын аймактын аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди.
Анын айтымында, жараат алгандардын биринин абалы орточо оор деп мүнөздөлүүдө, ал ооруканага жаткырылды.
Соккунун кесепетинен жарандык инфраструктура объектилери, почта мекемесинин кампасы талкаланганы, өрт чыгып, тегеректеги үйлөрдүн айнеги күбүлүп түшкөнү маалымдалды.
Украинага каршы агрессиясын 2022-жылдын февралынан бери улантып келе жаткан Орусия соңку убакта Одесса аймагын күн сайын ракета менен аткылоодо. 29-апрелде алты, 1-майда бир киши каза болгон. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Орусия бул аймакта кассеталык ракеталарды колдонууда. (RK)
Дагы караңыз
АКШнын студенттик шаарчаларында Газага байланыштуу акциялар улануудаUWW Айсулуу Тыныбекованы дүйнөдөгү мыкты балбан деп тапты 2 млн сомдон ашуун акча салынган сейфти уурдагандар Оштон кармалдыАКШ университеттеринде палестиндерди колдогон акцияларда 900дөй киши кармалды