Мындан улам быйыл сентябрда Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кете турган чыгымдарды кыскартуу тапшырмасы берилди.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 16-апрелде Түндүк Казакстан облусундагы селден кийин эвакуацияланган тургундар менен жолугушууда өкмөткө, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтерге аброй арттыруучу жана башка ири иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартууну тапшырганын айтты. Мындай чечим суу ташкынына байланыштуу каржылык үнөмдөө зарылдыгынан улам кабыл алынганы белгиленди.
"Мен каражатты үнөмдөө үчүн ири эл аралык форумду токтоттум. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кетер чыгымдарды кыскартабыз. Мындай иш-чараны токтотуп коюу мүмкүн эмес, бирок бюджет бир топ кыскарат. Мындан тышкары, биздин өлкөнүн Токиодогу Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө катышууга жумшала турган каражаты кыскартылат", - деди Токаев.
Ал Акордонун биринчи кезектеги милдети жарандардын суу ташкындан тарткан бардык чыгымдардын ордун толтуруу экенин эскертти. Ошондой эле Казакстан келерки жылы өтүүгө тийиш болгон "Келечек оюндары" деген эл аралык спорттук мелдешин 2026-жылга жылдырды.
"Биз "келбегиле" деп айта албайбыз"
Токаевдин чыгымдарды үнөмдөө тапшырмасы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайты worldnomadgames.kz да жайгаштырылган. Сайтта көрсөтүлгөн "Билет сатып" алуу баскычты басканда, "Оюндардын дирекциясы спорттук программага, оюндардын убактысына айрым өзгөртүүлөрдү киргизип жатат, ошондой эле мелдештердин жана салтанаттардын датасы, убактысы жана жерлери да өзгөрүүдө" деген билдирүү чыгат.
Казакстандагы оюндарды даярдоо жана өткөрүү дирекциясынын жетекчисинин орун басары Абылай Кондыбаев 26-апрелде Qazaqstan телеканалына берген маегинде мамлекет башчынын тапшырмасы менен каражат үнөмдөлүп, айрым оюндарды оптималдаштырып, чет өлкөлүк спортчулардын санын азайтууга аракет жүрүп атканын айтты.
"Болуп аткан табигый окуяларга байланыштуу президенттен кыскартуулар боюнча тапшырма алганбыз. Бул боюнча атайын топ түзүлүп, азыр иштеп атабыз. Негизги кыскартуу катышуучуларга байланыштуу болот. Буга чейин 4000 катышуучу келет деп пландасак, азыр алардын санын 3000ге түшүрүп атабыз. Өзүңүздөр билгендей, спорттун 20 түрү боюнча мелдештер өтөт. Анын ичинен, мисалы, күрөштөн бир канча салмактагы беттештер болот. Биз аларга, албетте, "келбегиле" деп айта албайбыз. Бирок, мисалы, күрөштүн эле 12 салмак түрү болсо, биз муну алтыга кыскартууну ойлонуштуруп атабыз. Анткени уюштуруучу тарап спортчулардын бардык чыгымдарын өз моюнуна алат. Ошентип, катышуучулардын санын кыскартып отуруп, каражатты да үнөмдөйбүз. Ошондой эле оюндар өтө турган күндөрдү бир күнгө кыскартууну караштырып жатабыз", - деди Кондыбаев.
Дагы караңыз
Астанадагы көчмөндөр оюнунда көк бөрү ойнолбойбу?Күрөш демекчи, буга чейин февралда Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон көк бөрү жана кыргыз күрөш оюндарын V дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун беттештик тизмесине киргизүүгө көмөктөшүүсүн өтүнгөн. Анын сөзүнө караганда, бул улуттук оюндар эл аралык Көчмөндөр оюнунда мелдештен тышкары көргөзмө оюн катары гана киргизилип калган.
Ал эми "Кабар" агенттигинин 21-апрелдеги маалыматына ылайык, көк бөрү Астанада өтө турган оюндардын спорттук программасына киргизилгенин Көк бөрү федерациясына шилтеме берип кабарлады. Аталган маселе Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин Астанада өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында чечилгени белгиленген. Деген менен V дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун расмий сайтында көк бөрү спорттук оюндардын катарында көрүнбөйт.
26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар - жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.
Казакстандын вице-премьер-министр Канат Бозымбаев селдин кесепеттерин жоюуга 200 миллиард теңгеге жакын каражат керектелерин айткан. Ал 24-апрелде Батыш Казакстан облусуна барганда, буга чейин суу каптаган үйлөрдүн 30% гана чыгымы эсептелип бүткөнүн айткан.
"Бирок сел али бүтө элек. Батыш Казакстан жана Атырау облустарында коркунуч жоюла элек, чыгышта эмне болорун карап атабыз. Азырынча чыгымдын так суммасын айтууга эрте", - деген эле казак аткаминери журналисттерге.
Казакстандын Каржы министрлигинин соңку маалыматы боюнча, кыйраган турак жайлар өкмөттүн эсебинен курулат. Акимчиликтер Курулуш жана өнөр жай министрлигине үй курууга канча каражат керек экенин айтышса, министрлик каражатты мамлекеттик резервден алат. Ал эми оңдоп-түзөөгө муктаж болгон үйлөрдүн чыгымын акимчиликтер өздөрүнүн резервинен төлөп беришет.
Ишкерлерге артылган жоопкерчилик
16-апрелде президент Токаев Казакстандын Forbes тизмесине кирген ишкерлер суу ташкынынан жабыркаган "ар бир облус, район жана айылды" өз карамагына алышы керектигин билдирген. Ал ар бир ишкер үчүн "жоопкерчилик артыларын" айткан. Казакстандык бизнесмендердин айрымдары дароо миллиарддаган акчаларды которо башташкан.
"Азаттыктын" казак кызматынын маалыматы боюнча, буга чейин ишкерлерден жана жеке компаниялардан чогултулган ыктыярдуу жардамдын көлөмү 152,8 миллиард теңгеге (30 миллион доллар тегерегинде) жеткен.
Экономист Шолпан Айтенова чогулган акча керектүү жерге, чындап муктаж адамдарга жетпей калабы деп кооптонот. Бул ишке Санарип министрлиги менен Эсептөө палатасы кийлигишүүсү керек экенин айтат.
"Өзгөчө кырдаалда чечимдер тез кабыл алынат. Анда акча которуп жаткан ишкер кимге, кандай жардам керек экенин так эсепке албай, эмоция менен чечим кабыл алат. Мындай учурда коррупция, алдамчылык болушу, чогулган жардамдар натыйжасыз жумшалышы толук мүмкүн. Эл аралык уюмдар жөнөткөн жардамдын 30% чукул кырдаал учурунда көздөгөн жерине жетпей жатканы тууралуу маалыматтар бар. Конкреттүү эрежелер менен жумшалган мамлекеттик бюджеттин каражаты да таланып-тонолуп кетерин эске алсак, гуманитардык жардамдын жок болуп кетүү коркунучу өтө жогору", - деп жазган экономист Фейсбуктагы баракчасына.
Казак өкмөтүнүн 26-апрелдеги маалыматына караганда, 12 миңден ашык үй-бүлөнүн ар бирине 369.200 теңгеден (835 доллар) жөлөк пул берилген.
Ал эми Казакстанда сел каптап, дарыялар ташыган аймактардан эвакуация болгондордун 38,5 миңи үйүнө кайтканын 29-апрелде өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, эвакуациялык пункттарда дагы 7 миңге чукул адам бар.
Дарыялар ташкындап, суу кирген аймактарда кеминде жети киши каза болгонун 18-апрелде өлкөнүн ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев тастыктаган.