Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулу кызматтан бошотулду.
Садыр Жапаров 24-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берип, Курманкул Зулушевге орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу боюнча сунуштама берүүнү тапшырган.
Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканы тууралуу жазган арызы негиз болгон.
49 жаштагы Кубан Адыл уулу эмгек жолун 2000-2003-жылдары Нарын облусунун прокуратурасынын инспектору, жетектөөчү адиси болуп иштей баштаган. 2021-жылга чейин прокуратура тармагында ар кандай кызматтарда эмгектенип, 2021-жылы башкы прокурордун орун басары болуп дайындалган. (BTo)
Дагы караңыз
Эки округда парламентке шайлоо 30-июнга дайындалдыЖогорку Cот Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырдыБайден Путинди журналисттер Курмашеваны жана Гершковичти тез арада бошотууга чакырды Адахан Мадумаров райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыздандыОоганстанда мечиттеги кол салуудан жети киши мүрт кеттиАзербайжанда шайлоолорго мониторинг жүргүзгөн уюмдун жетекчиси кармалды