Президент Садыр Жапаров №5 Ноокат жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 30-июнга дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлер кабинетине Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону өткөрүүгө зарыл болгон каражатты бөлүү тапшырмасы берилди.
2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.
Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды. (BTo)
Дагы караңыз
Байден Путинди журналисттер Курмашеваны жана Гершковичти тез арада бошотууга чакырды Адахан Мадумаров райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыздандыОоганстанда мечиттеги кол салуудан жети киши мүрт кеттиАзербайжанда шайлоолорго мониторинг жүргүзгөн уюмдун жетекчиси кармалды "КЖ групптун" лицензиясы компания курган үйлөрдү мыйзамдаштыруудан соң кайра каралатУКМК Камчыбек Жолдошбаевдин кызы кармалганын билдирдиХАМАС Газа боюнча сунушту изилдеп жатканын билдирди