Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров 29-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна, депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Бишкектин Административдик сотуна апелляциялык арыз бергенин билдирди. Бул тууралуу ал 30-апрелде “Азаттыктагы” маегинде айтты.
“Мыйзамдар боюнча кийинки инстанцияга даттанууга 15-майга чейин Конституциялык, мыйзамдык укугубуз бар. Бул жерден талаш чыгарыштын кажети жок”, - деди ал.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелде Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Анын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча Боршайкомдо өткөн жыйында Биринчи Май районунун прокурорунун жардамчысы Замира Байбагышева райондук соттун өкүмү чыккандан кийин 30 күндүн ичинде кийинки инстанцияга саясатчынын адвокаттары жана прокурорлор арызданбаганын, ал өкүм күчүнө киргендиктен Адахан Мадумаровдун мандатын алуу керек экенин айткан.
Жети айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан. Бул күнү биринчи инстанциянын чечими чыкканына 30 күн болгон.
26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес.
Адахан Мадумаров “Кылмыш-жаза процесуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу камактагы адам өкүмдүн көчүрмөсүн алгандан кийин 30 күндөн кийин кайрылса болорун, ал өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алганын” айткан. Ушундан улам 15-майга чейин апелляциялык арыз бергенге убакыт бар экенин билдирген.
Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.
Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.
Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын билдирди. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн буга чейин берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.
Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.
Адахан Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурду. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. (BTo)
Дагы караңыз
Азербайжанда шайлоолорго мониторинг жүргүзгөн уюмдун жетекчиси кармалды "КЖ групптун" лицензиясы компания курган үйлөрдү мыйзамдаштыруудан соң кайра каралатЖогорку Cот Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырдыПольшалык фермерлердин Украинадан дан ташууну чектеген акциясы токтодуТажикстандын ТИМи Орусиянын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыУКМК Камчыбек Жолдошбаевдин кызы кармалганын билдирдиАба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайтХАМАС Газа боюнча сунушту изилдеп жатканын билдирдиМинистрлик мүлктү легалдаштыруунун мөөнөтүн узартууну сунуштадыКазакстанда ИИМдин мурдагы жетекчиси Тургумбаев кармалды