Улуттук банк эсептик ченди 11% түшүрдү

Улуттук банктын имараты.

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 11% түшүрүү чечимин кабыл алып, ал 30-апрелде күчүнө кирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Банк эсептик ченди буга чейин 13% деңгээлинде кармап келаткан.

Өлкөнүн негизги банкы Кыргызстанда инфляциялык процесстер төмөндөп баратканын, жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2024-жылдын апрель айында 2023-жылдын декабрь айындагыдан 7,3% төмөндөп, 5,2% болгонун кошумчалады.

Быйыл январь – март айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө ички дүң өнүм (ИДӨ) 8,8% өскөн. Экономиканын өсүшүнө негизги салымды кызмат көрсөтүү, курулуш жана кайра иштетүү сектору кошту.

Эсептик чен - инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа, инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи төмөндөйт. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстанда ИИМдин мурдагы жетекчиси Тургумбаев кармалдыТажикстандын ТИМи Орусиянын элчисине нааразылык нотасын тапшырдыЗеленский НАТОну Украинага курал жеткирүүнү тездетүүгө чакырдыБыйыл кызамыктан эки бала чарчап калдыКыргыз Республикасынын Эл акыны Жолочу Рысбаев дүйнө салдыМинистр Ибраев электр энергиясынын кымбатташы боюнча комментарий берди29-апрель: Бейшеналиевдин иши, Атазовдун билдирүүсү, АКШдагы студенттердин акциясы