Кыргыз Республикасынын Эл акыны Жолочу Рысбаев дүйнө салды

Жолочу Рысбаев.

Кыргыз Республикасынын Эл акыны, жазуучу жана сатирик Жолочу Рысбаев 30-апрелде 75 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жолочу Рысбаев 1949-жылы 25-июнда Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Жылуу-Булак айылында туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы Владимир Ильич Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштөө менен бирге 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Чыгармачылык эмгек жолун 1975-жылдан тарта Кыргыз телерадио берүү компаниясында редактор болуп баштаган. 1988-жылдан баштап СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Бир катар аңгемелердин, сатиралык чыгармалардын жана обондуу ырлардын автору. 2012-жылы “Азаттыкта” сатиралык “Тамашемес” деген бир нече видеоберүү даярдаган. (BTo)

Дагы караңыз

Орусиянын чабуулунан Одессада төрт адам каза таптыБыйыл кызамыктан эки бала чарчап калдыЗеленский НАТОну Украинага курал жеткирүүнү тездетүүгө чакырдыОоганстанда шал оорусуна каршы эмдөө башталды Рамзан Кадыровдун 16 жаштагы уулуна дагы бир кызмат берилди29-апрель: Бейшеналиевдин иши, Атазовдун билдирүүсү, АКШдагы студенттердин акциясы