"Жаштыкты өнөр үчүн сайган элек". Зайырбек акынды эскерүү

Зайырбек Ажыматов.

Бейиши болгур мекенчил акын, “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун өмүрдөн өткөнүнө бүгүн туура төрт жыл болду. Убакыт зымырап учуп, жылдар эскиргени менен жакшы акындын жакшы ырлары эскирбейт экен.

Экинчи өмүр деген мына ушул тура. Закебиздин да Ата журтка, эл турмушуна арналган сергек ырлары, өзүнүн сүйүү менен жалгыздыгын сүрөттөгөн саптары бүгүн да эл ичинде арбын окулууда.

Ажыматов адатта өзүн көп жерде “Биз буюккан муундун акындарыбыз” деп айтып калар эле. Буга анын жалындаган жаштык доору союздун жаңыдан ыдырап, өлкөдөгү бардык тармак кризиске кабылып, эл өткөөл турмушту башынан кечирген учурга туш болгону менен негиздечү.

Зайырбек Ажыматов.

Анын 20 жаш курагында чыгарган “Жалгыздык” (1996), кийин жарык көргөн “Мелмил” (2005), “Нөлү көп жылдар” (2011) аттуу ыр жыйнактарында да өлкөдөгү оош-кыйыш учурдун сүртүмдөрүн, жеке тагдырын, арман-арзуусун, ары катаал күндөрдү кечирген, ошол эле маалда сезимдерге бай жаштык доорун, эне-атасына болгон кусалыгын, заманын жана замандаштарын жазган.

Маселен, “Нөлү көп жылдар” аттуу ырында ал 1990-2000-жылдардагы учурду минтип сүрөттөйт:

Акыл-нөл, жан дүйнө-нөл, санаам да нөл,
Сүйүү-нөл, досчулук-нөл, адам да нөл.
Жылдар-нөл, өсүү болбой тегеренген,
Ырлар-нөл, окурман-нөл, заман да нөл.

Акын чыгармачыл жигери күчөп турган жаштык доорун эстегенде, адатта бир аз өкүт кылып “ошол кезде ыр жазам десең кээ бирлер кадимкидей келекелеп күлчү” деп калчу.

"Өз киндигибизди өзүбүз кестик"

Маркум Ажыматовдун досу, чыгармачылыктагы үзөңгүлөшү, манасчы Рысбай Исаков ошол "буюккан доорду" мындайча эскерди:

Рысбай Исаков.

“Зайырбек айтмакчы, биз чынында эле өзүбүздү буюккан муун деп койчубуз. Анткени биз жаңы мектепти бүтүп жаткандагы дүйнө тааным менен мектепти бүткөндөн кийинки дүйнө тааным эки башка болуп калды. Союз тарагандан кийин баалуулуктар алмашып, мамлекет өзү эмне кыларын билбей калды. Биздин студенттик доор ошондой чалды-куйду, чалкеш заманга туш келди дагы, жетим калган балдардай болуп бул замандын бороонуна буюгуп, аптабына күйүп, өз киндигибизди өзүбүз кестик. Элдер ошол мезгилдерде уну жок болуп, загара нан жеп калган күндөр болду. Мамлекет өзү да кыйналды. Ошол учурларда студент болуу эки эсе түйшүк, эки эсе кыйынчылыктарды алып келди. Биз кайнаган сууга камыр салып жеп, ошого тойгонубузга курсант болуп жүрдүк. Ошол эле маалда ушундай катаал учурларда өнөрүбүздү таштап койбой өркүндөтүп, чыгармачыл чыйырды даңгыр жолго айлантуунун аракетинде болдук. Ошол доордун өкүлдөрүнөн Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Нурлан Калыбеков өңдүү жоон топ таланттар бүгүнкү доордун руханий казыгын кармап турган адамдарга айланды. Мен ошолор менен сыймыктанам”.

Зайырбек Ажыматовдун “Доско кат” деген ыры көпчүлүккө маалым. Анда акын:

Эх досум,
Кандай таза балдар элек…
Сөөлөткө, шөкөттөргө алдана элек.
Достукту ыйык тутуп баарысынан,
Чок сыңар жалын чачып жанган элек.
Чогулуп Манас, обон, жаңы ыр угуп,
Жаштыкты өнөр үчүн сайган элек,
-деп муңкануу менен студенттик учурун эскерет. Ачка-ток мезгилдерде да маданий чөйрөдөн кол үзбөгөн досторун, аларга болгон сагынычын ырга салган.

30 жаштын кырында акка моюн сунган обончу Калмурат досунун тагдырын армандайт. Анан акырында мындай жыйынтыктайт.

Эх досум,
А мен болсо оңолбодум,
Махабат дартка айланды айыкпаган.
Дагы эле өксүгүмдү жоготподум,
Дагы эле баягыдай азаптанам.
Дагы эле жетимсирейм, кусаланам,
Дагы эле ыр жазам деп ушаланам.
Дагы эле кежир анан кырс бойдонмун,
Дагы эле тамаша айтсаң ызаланам.
А баса, коркпо бирок тоорулам деп,
Азыр мен баягыдай ичпей калдым,
Мас болуп милицияга түшпөй калдым….
Салам дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам…

Жашоону, чындыкты сүйгөн акындын мындан сырткары да жылдыздуу жаштыгы катылган “КМУ. Журфак. Онунчу жатакана”, “Мелмил”, “Суу чачышмай” өңдүү бир топ эл аралап кеткен ырлары бар.

Зайырбек Ажыматов.

"Өткөөл мезгил курчутту"

Журналист Шайырбек Абдырахман Ажыматов менен дал ошол жогорудагы онунчу жатаканада бирге жашап, жаштык дооранды бирге сүргөнүн, акын досунун ырлары жалпы замандаштарынын тагдыры болгонун айтат.

Шайырбек Абдырахман.

“Зайырбек, Рысбай Исаков, Калмурат Рыскулов мен жана башка бир топ балдар болуп Улуттук университеттин онунчу жатаканасында бирге жашадык. Ошол убакта Зайырбектин ар бир жаңы жазылган ырын өзүнөн угуп турчубуз. Ошондогу көп ырлары биздин баштан өткөн турмуш эле. Кээде биз Ош базарына азык-түлүк алганга келип калчубуз. Ал кезде базарда майда-чүйдө бирдемелерди сатып күн өткөргөндөр, эптеп курсагын тойгузуп жүргөн адамдар көп эле. Өзүбүз деле бечара элек да. Бирок Зайырбек аларды көрүп абдан зээни кейичү, туталанчу. Анан келип ыр жазчу. Адамдык улуугу ушунда эле. Ал “Доско кат” деген ырында да "ар бир досумдун образы бар" деп айткан эле. Мисалы Калыбеков, Ажыматов үчөөбүз өзүбүзчө дос катары сөгүшүп тамашалашчубуз. Кийин өз алдыбызча бөлүнүп, чоң турмушка аралашып кеткенде ошол учурларды киши сагынат экен. Зайырбектин ырлары бекер эле чыкпаган, ал ырларындагы тагдырдын баарын жашаган. Ыйлачусуна ыйлап, сыздачусуна сыздап жазылган ырлар экенин жакшы билем. Өткөөл мезгил Закемди курчутту, сөзүнө сөз кошту”.

Калемдештери сезимтал акын катары сүрөттөгөн Ажыматов ошол эле маалда жеке тагдырын, оош-кыйыш өлкө жашоосун эле ырга салып жүрүп алганы жок. Анын поэзиясында ошол эле убакта мекенчилдик дух, жарандык сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт. Бул менен окурмандарынын атуулдук сүйүүсүн бийиктеткиси келгендей. Маселен, "Падыша эл", "Мен - Кыргызмын!", "Аман болчу, Кыргызстан!" деген ырлары буга айкын мисал боло алат.

"Азыр караанын издейбиз"

Акын Кыял Тажиева калемдешин биздин доордун чоң табылгасы, өмүрдөн эрте кетиши доордун чоң жоготуусу болду дейт:

Кыял Тажиева.

“Ал өзү менен кошо бир доорду алып кетти деп ойлойм. Ажыматов менен бирге 1990-2000-жылдардагы жашоо кошо кеткендей туюлат. Эң жакшысы ал ошол мезгилди ырларына салып кетти. Заке өз заманындагы сүрмө топко көп кошулчу эмес. Кээде гана калемгерлердин чогулуштарына сырдуу келип, анан төгүлүп бугун чыгарып, төгүлүп ыр окуп берип кайра көпкө жок болуп кетчү. Көрсө, чыгармачылыктын тереңдигине сүңгүп кирип кетчү окшойт. Кийин эле журналист болуп иштегенден кийин анан элге көп аралаша баштады. Акын агабыз чынында улут жүгүн көтөрүп жүрчү. Чоңдордун, эл башындагылардын терс иштерин угуп алып кейичү. Өзүн таппай ооруп калган учурларын да көрдүм. Азыр ойлосом акындын орду толгус болуп кеткен экен. Барында билинбептир. Акындык тагдыры да өтө оор болду. Өзү да "мен 16 жашка чейин эле акын болуп жашадым, андан кийин тирилик соруп кетти, андан кийин акын катары жашабай элемин" деп айтчу. Азыр олуттуу окуялар болуп жаткан учурда анын караанын издейбиз. Ал коомдо кандай окуялар болсо акын катары сөзсүз реакция кылып оюн айтчу же ыр жазчу”.

Зайырбек Ажыматов.

Өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 29-апрелинде 44 жаш курагында күтүүсүздөн кан басымы түшүп, дүйнөдөн кайткан. Көзү тирүүсүндө "Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" аттуу ыр жыйнактары жарык көрсө, көзү өткөндөн кийин жакындары тарабынан “Датасы жок күндөр”, “Доска кат” аттуу китептери жарыкка чыккан. Аз жашаса да саз жашаган акындын артында мурас болуп калган ушул эмгектери анын ысымын унуттурбас.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Зайырбектин датасы жок күндөрү уланат