Футбол: Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы CAFA мелдешинде үчүнчү орунду алды

Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) CAFA U-18 Women’s Championship 2024 турниринде Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы үчүнчү орунду алды.

Кыргызстандык спортчулар 21-апрелде Түркмөнстанды 3:1, 22-апрелде Тажикстандын курама командасын 3:0 эсебинде уткан. 24-апрелде Өзбекстандын курамасына 6:1 эсебинде утулуп, 28-апрелде Иран менен 1:1 эсебинде тең чыкты.

Жыйынтыгында жети упай менен үчүнчү орунду алды. 10 упай менен Иран биринчи орунду алса, 9 упай топтогон Өзбекстан күмүш медал тагынды. Тажикстандын футболчу кыздары төртүнчү, Түркмөнстандыкы бешинчи орунду ээледи.

19-апрелде башталган эл аралык мелдеш 29-апрелде жыйынтыкталды. (BTo)

Дагы караңыз

Тажик ТИМи Москванын аэропортторунда миңдей жараны кармалып турганын билдирди Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы: Баткенде Бактыяр Калпаев алдыдаШайлоо: Ошто Бекмурза Эргешов, Кара-Сууда Илимбек Кубанычбеков алдыга чыкты Шайлоо: Ош менен Кара-Сууда добуш бергендер 20% жеткен жок Милиция: Баткенде шайлоочуларды ташып келүү фактысы такталган жокИран бутага тийип жарыла турган жаңы дрон чыгарды Баткен округу: саат 14.00гө карата шайлоочулардын 13,64% добуш берди