Ирандын армиясы 28-апрелде бутага тийгенден кийин жарылып кете турган жаңы дрон менен тааныштырды.
Мамлекеттик Tasnim маалымат агенттиги жазгандай, жаңы дрондун аталышы азырынча ачык айтыла элек. Маалыматка караганда, ал 2020-жылы чыгарылган орусиялык Zala Lancet учкучсуз учагына окшош болушу мүмкүн.
Мамлекеттик агенттик жекшемби күнү жаңы дрондун видеосун жарыялады.
Иран акыркы жылдары учкучсуз учактарды көп чыгарып жатат. Иран өндүрүшүнөн чыккан "Шахед" дрондорун орус күчтөрү Украинадагы согушта кеңири колдонот.
Тегеран Орусияга учкучсуз аппараттарды чогулткан завод курууга да жардамдашууда. Буга чейин АКШнын эскертүүлөрүнөн кийин Иран Орусияга баллистикалык ракета жеткирүү планын токтоткону кабарланган. (AiA)
Дагы караңыз
Ош: бир талапкердин үгүтчүсү добуш сатып алууга шек саналып кармалды БШК: 16.00гө карата добуш берүү жагынан Баткен округу алдыда Үч округдагы шайлоо: Ошто добуш сатып алуу боюнча арыздар түштү