Депутаттар көмүскө кумаркананы текшеришти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

26-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Эрулан Көкүлов Финансылык чалгын кызматынын өкүлү, милиция кызматкерлери менен биргеликте Бишкектеги “Кофе и точка” жайларын текшерүүгө барып, аларды жабууну талап кылышты.

Анткени “Кофе и точка” түйүндөрү тамактануу жайынын атына жамынып алып кумар оюндарын ойнотуп жатканын айтышты. Буга чейин “Азаттык” радиосу аталган жайлар боюнча иликтөө жарыялап, андан кумарканага автоунаасын, акчасын уттурган адамдар бар экенин далилдеген.