Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы быйыл битир-садага бергендердин эсебинен 57,5 миллион сомго жакын акча чогулганын билдирди.
Учурда топтолгон каражат атайын комиссиянын чечими менен аймактарда, жер-жерлерде колунда жокторго, жетим-жесирлерге жана муктаждарга таратылып жатканын маалымдады.
Муфтият жыл сайын орозону утурлай зекеттин көлөмүн бекитет. Ал адатта буудай, мейиз, арпанын ошлл маалдагы орточо баасы менен өлчөнөт.
Эрежеге ылайык, зекетти алтын менен күмүштүн баасынан чыгарып берсе болот, ошондой эле малдан дагы зекет алынат.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын билдиришинче, шариятка ылайык, зекетке колундагы байлык-мүлктүн кырктан бир (40/1) бөлүгү, башкача айтканда 2,5% берилет.
Дагы караңыз
Ниязбеков шайлоодо мыйзам бузууга жол бергендер жазаланарын эскертти Өкмөттө “чет элдик өкүл” мыйзамын аткаруу маселелери талкууландыЖК: төрт же анда көп балалуу үй-бүлөлөрдү көп балалуу деп таануу сунушталдыУкраинадагы согушта мерт болгон 51,6 миң орусиялыктын тек-жайы такталды