ТИМ: Германияда кармалган кыргызстандык жөнүндө маалымат такталууда

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ).

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Германияда кармалган кыргызстандык жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан кабарларды комментарийледи.

Мекеме Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчилиги террорчулукка шектелип кармалган жарандар камакта жатканынан маалыматы бар экенин, алардын ишин Дюссельдорф шаарынын сотунда кароо күтүлүп жатканын тактады. ТИМ кыргыз элчилиги бул маселеге көз салып турарын кошумчалады.

Мунун алдында Германиянын федералдык прокуратурасы борбор азиялык жети жаранга террордук уюм түзүү, ага катышуу, “Ислам мамлекети” террордук уюмун колдоо боюнча айып такканы белгилүү болгон. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында айтылат.

Gazeta.uz маалымдагандай, айыпталгандар Германиянын батышында былтыр жайында кармалып, ошондон бери камакта болчу. Арасында Түркмөнстандын жана Кыргызстандын бирден жарандары бар, калгандары тажикстандыктар. Прокуратура “алар бири-бирин көптөн бери тааныганын жана исламчыл радикалдуу көз караштарды жактай турганын” белгиледи.

Андан ары күнөөлөнүп жаткандар Германияга 2022-жылы жазында Украинадан келгени, кол салуу үчүн террордук топ түзүшкөнү айтылат. Бул үчүн маал-маалы менен жолугушуп турушчу, чабуул үчүн ыңгайлуу жерлерди караштырып, курал-жарак сатып алууга аракеттенишкен. Алар кармалган учурда теракт тууралуу конкреттүү планы жок болгонун тартип коргоочулар белгилешет. Борбор азиялыктар “Ислам мамлекети” террордук уюмунун Ооганстандагы канатына (“Ислам мамлекети-Хорасан”) киргендер менен байланышып турган.

Маалыматка караганда, алтоо акча чогултуп, 2022-жылдын апрелинен былтыркы майга чейин террорчуларга бир нече миң евро которушкан. (ErN)