700дөн ашуун үйдү суу каптады. Жалал-Абаддагы селдин кесепети

Барпы айыл аймагынын Насосный участкасынын тургуну Айдана Мухаммед кызынын үч бөлмөлүү үйүнүн ичи ылайга толуп, дүкөнүндөгү азык-түлүгү сууга аккан. Үйдүн терезесине чейин агып келген суу дубалды жырып өткөн. 

15-16-апрелде жааган жаандан кийин Сузак районунун Сасык-Булак участкасында үйлөрдүн короолорун суу баскан. Үйүнүн айланасындагы селди видеого тартып жаткан тургун. 

Жалал-Абад шаарындагы Ынтымак айылынын тургунунун үйүнүн алды сууга толуп калган. Ал көчөгө чыгыш үчүн суу кечип жүрөт.

21-апрель күнү болгон селде Жалал-Абад шаарындагы Дача айылынын эки жашоочусунун үйлөрүнүн аркасындагы тосмо сууга туруштук бере албай кулап, үйдө жарака пайда болгон. 

Үйдүн дубалына тосмо кулап калган

Дача аймагынын тургундары менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, селден кийинки жардамдар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Куткаруучулар селден жабыр тарткандардын үйлөрүндө көмөктөшүп жатат

21-апрелдеги селден Барпы айыл аймагынын Насосный участкасындагы 52 турак үйдүн 35инин там аркаларын сел каптаган. Анын ичинен 4 үйдүн ичине, 6 үйдун жер төлөсүнө жана 8 мал сарайдын ичине суу кирген.

 

Сел каптаган үй

Дүкөндөгү азык-түлүктөр жараксыз болуп калган 

Селден кийинки айылдагы жашоо

 

Селден кийинки каналдарды тазалоо иштери жүрүп жатат 

 “Барпы” насостук станциясынын ичине да суу кирген

Селден жабыр тарткан айыл 

22-апрелдеги селден Ноокен районунун Бостон айылындагы селден коргоочу тосмону суу жеп кеткендиктен, Эски-Кочкор-Ата айылынын 300 үйдун тургуну коопсуз жайга көчүрүлдү.

Бостон айылында кокту-колоттордон чогулган суу 42 турак жайды каптаган. Аймактагы кырдаалды чагылдыруу үчүн "Азаттыктын" кабарчысы да барды. 

Бостон айылынын тургуну Уулкан Турарбек кызы суу, ылайга толуп калган үйүнөн оокаттарын сыртка чыгарып жатат.

Облус боюнча 88 гектар айдоо жери, 4750 метр сел өтүүчү каналдар  жабыркаган.

Мектептин короосун да суу каптап, эл жардамга келди

Үйлөрдүн алдылары ылайдан тазаланып жатат.

Селден кийин үйлөрдү залалсыздандыру учуру