АКШ Сенаты Украинага 61 млрд долларлык жардам берүүнү колдоду

АКШ Конгресси.

АКШ Конгрессинин жогорку палатасы Кошмо Штаттардын өнөктөштөрүнө 95,3 млрд долларлык аскердик жардам, анын ичинде Украинага 61 млрд доллар бөлүүнү караган мыйзам долбоорун колдоду. Чечимге сенаторлордун 79у “макул”, 18и “каршы” добуш берди.

Жардамдын калганы Израилге, Тайванга жана башка өлкөлөргө берилет.

Сенаттагы консервативүү республикачылар Украинага жардам берүүгө каршы чыгып, Ак үйдөн Америка Кошмо Штаттарынын өзүнүн түштүк чек арасын бекемдөөнү жана башка нерселерди талап кылып келишкен.

Беш айлык талкуудан кийин бул долбоор 20-апрелде Конгресстин Өкүлдөр палатасында колдоо тапкан. Президент Жо Байден кол койгондон кийин мыйзам күчүнө кирет.

22-апрелде украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө америкалык президент Жо Байден Кошмо Штаттар “Украинанын согуштагы жана абадан коргонуудагы чукул муктаждыктарын канааттандыруу үчүн коопсуздук боюнча олуттуу жаңы жардамды тез арада жөнөтөрүн” билдирди. Байдендин айтымында, аталган мыйзамга ал “Сенат жактырар замат кол коет”.

Эки жыл мурда Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна кабылган Украина биринчи жылы Батыштагы союздаштарынан, негизинен АКШдан алган курал-жарак менен согушуп келди. Бирок соңку бир жылда мындай жардам дээрлик токтогону, талдоочулардын айтымында, Орусияга үстөмдүгүн кайра бекемдеп алууга мүмкүнчүлүк берди.

Убада кылынып жаткан 61 миллиард долларга жакын акчанын 23 миллиарды АКШнын Киевге буга чейин берген жардамынан кийин кыскарган аскердик запасынын ордун толтурууга жана 11 миллиарды америкалык аскерлердин украин жоокерлерин машыктыруусуна, АКШнын НАТОнун чыгыш флангындагы өлкөлөрүндөгү ишмердигин каржылоого жумшалат. 14 миллиардга жакыны заманбап куралдануу системаларын сатып алууга, 9 миллиарды насыя түрүндөгү экономикалык жардамга бөлүнөрү пландалууда. Мыйзам долбоорунда Вашингтонго Орусиянын борбордук банкынын камактагы активдерин Украинаны калыбына келтирүү үчүн конфискациялоо укугун берүүчү норма да каралган. (ErN)

Дагы караңыз

Женевада "Түрк маданиятынын жумалыгы" өтүп жатат БУУнун адам укуктары боюнча өкүлү Газа тууралуу "үрөй учурган" маалыматты дыкат иликтөөгө чакырдыАбактагы журналист Алсу Курмашеваны колдогон орусиялык активистке айыппул салынды Орусия Түркия аркылуу Латын Америкасына учуу олуттуу көйгөйгө айланганын билдирди Трамптын сотунда сөз прокурорго жана адвокатка берилди