Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) CAFA U-18 Women’s Championship 2024 турниринде Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер курамасы эки атаандашын утту.
Кыргызстандык спортчулар 21-апрелде Түркменстанды 3:1, 22-апрелде Тажикстандын курамын 3:0 эсебинде жеңди.
Кыргызстандын 18 жашка чейинки кыз-келиндер курама командасы жалпы эсепте беш мамлекеттин ичинен экинчи орунда келатат. Биринчи орунда Ирандын спортчулары турат. Үчүнчү орунга Өзбекстандын, төртүнчү орунга Тажикстандык, ал эми бешинчи орунга Түркменстандын спортчулары жазылды. Эми 24-апрелде Өзбекстан, 28-апрелде Иран менен кез келет.
19-апрелде башталган эл аралык мелдеш 29-апрелде жыйынтыкталат. (BTo)
Дагы караңыз
Мэр Ататүрк паркындагы жердин баары мыйзамсыз берилгенин айттыБишкекте төрт айлык ымыркайдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголдуФутзал: Кыргызстан чейрек финалда Иран менен ойнойтСелден улам Талас районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилдиАксы районундагы борбордук базар мамлекетке кайтарылдыДепутат Ормонов Сүйөркулов көчөсүндөгү үйдүн маселесин чечүү жолун сунуштадыЖалал-Абадда дагы 40тан ашык үйдү сел каптады