Талас районунун айылдарында да сел жүрдү

Талас районунда болгон сел.

22-апрелде нөшөрлөгөн жаандан улам Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сел жүргөн аймактарга райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, Жарандык коргонуу комиссиясы, облус жетекчилиги маалыматтарды тактоо, селдин кесепеттерин жоюу багытында иштеп жатышканын билдирди.

20-21-22-апрель күндөрү нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты.

Селден улам Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. (BTo)

Дагы караңыз

Ноокенде селден улам тургундар коопсуз жайга көчүрүлүүдөКэмерон Кыргызстанда демократия маселесин талкуулаганын айттыОрусияда “Свобода” радиосунун сурамжылоосуна катышкан жаран жазага тартылдыКэмерон: Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керек ATACMS ракеталары Украинага кийинки аптада жөнөтүлүшү мүмкүн22-апрель: Британ министри Кэмерон Бишкекке келди. Ош, Жалал-Абад облустарында сел жүрдү