Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп, Эски Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралганын билдирди.
Ушундан улам айылдын тургундарын эвакуация кылуу чечими кабыл алынып, 300 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана жергиликтүү тургундар өзгөчө кырдаалды жоюу иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.
Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 14 куткаруучу тартылды. Райондук Жарандык коргонуу кызматынан алты атайын техника, медициналык кызматынан эки “Тез жардам” автоунаасы, коомдук тартипти көзөмөлдөө кызматынан эки экипаж иштеп жатат.
Аймакта жалпы 22 куткаруучу иш алып барууда.
20-21-22-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу, Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ошто селден бир киши, чагылгандан дагы бир адам каза тапты.
Селден улам Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. (BTo)
Дагы караңыз
Кэмерон Кыргызстанда демократия маселесин талкуулаганын айттыОрусияда “Свобода” радиосунун сурамжылоосуна катышкан жаран жазага тартылдыКэмерон: Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керек ATACMS ракеталары Украинага кийинки аптада жөнөтүлүшү мүмкүн22-апрель: Британ министри Кэмерон Бишкекке келди. Ош, Жалал-Абад облустарында сел жүрдү