Украинада каза болгон 51 миңден ашык орус аскеринин аты-жөнү такталды

Украинадагы согушта каза болгон аскер кызматкерин акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Санкт-Петербург, Орусия.

Би-би-синин орус кызматы менен "Медиазона" басылмасынын журналисттери 19-апрелге карата Украинадагы согушта 51 096 орус аскери каза болгонун аныктап чыгышты.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, каза тапкандардын бери дегенде эле 43 пайызын согушка чейин армия менен байланышы болбогондор түзөт.

Журналисттер согушта мерт болгондордун тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап жатышат. Алар Орусиянын түрдүү аймактарындагы 70 калктуу конуштун көрүстөндөрүндөгү абалды изилдеп чыгып, жоготуулардын реалдуу көрсөткүчү мындан эки эсе көп болушу мүмкүн экенин белгилөөдө.

Москва менен Киев согуштагы өз жоготууларын ачыкка чыгарбай же азайтып айтып, душмандыкын көбөйтүп көргөзгөнгө аракет кылып келишет.

Дагы караңыз

Заманбап кыргыз тарыхчылары жалпы тарых көйгөйлөрүн да иликтеши зарыл AКШ аскердик жардамды Украинага кийинки аптада жөнөтүшү мүмкүнБритан тышкы иштер министри Кэмерон президент Жапаров менен үч маселени талкуулайт "Эки тараптан келген сел каптады". Ылай-Талаада бир нече үй жараксыз