Быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов лицензия алды.
Ал 21-апрелде Бишкектеги Арена спорт комплексинде өткөн Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдешинде 67 кг салмакта лицензия үчүн грек-рим күрөшүнөн кытайлык Хусиету Хусиетини 9:1 менен утту.
Ушуну менен 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде 9 жолдомо болду. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андан тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов лицензия уткан.
19-апрелде Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдешинде эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу жана Эрназар Акматалиев лицензия алган. 20-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова Кыргызстанга дагы бир лицензия утуп берди. (BTo)
Дагы караңыз
Парламенттин кызматкери ишембиликтин алдында каза болдуДепутат Эмилбек Жусупов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жаздыБангиде кайык оодарылып, кеминде 50 адам каза таптыКамчыбек Ташиев Жогорку Кеңешти таркатууга негиз жок экенин айттыАба ырайы: тоолуу райондордо сел жүрөтКүрөш: кыргызстандык үч балбан Олимпиадага лицензия үчүн күрөшөтАлай районунда сел 34 үйдүн короосун каптады