20-апрелде Борбордук Африка Республикасынын башкалаасы Банги шаарына жакын Мпоко дарыясында кайык оодарылып, бери дегенде 50 киши каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Жарандык коргонуунун башчысы Томас Жимас Reuters агенттигине куткаруучулар 50гө жакын кишинин сөөгүн алып чыгышканын, сууга чөгүп кеткендерди издөө иштери улантылып жатканын кабарлаган.
Айрым эл аралык маалымат каражаттары адам курмандыктарынын саны 60ка жеткенин жазышууда.
Кайыктагы 300дөй адам тажыяга баратканы (арасында балдар, аялдар бар), кырсыктан кийин алардын көбү суудан сүзүп чыкканга үлгүргөнү айтылууда. (BTo)
Дагы караңыз
Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешти таркатууга негиз жок экенин айттыАба ырайы: тоолуу райондордо сел жүрөтКүрөш: кыргызстандык үч балбан Олимпиадага лицензия үчүн күрөшөтАлай районунда сел 34 үйдүн короосун каптадыОшто селден бир адам каза болдуПрокуратура Тукуновго тандалган бөгөт чарасына каршы облустук сотко арыздандыФутзал: Кыргызстан Тажикстан менен тең чыктыПарламенттин кызматкери ишембиликтин алдында каза болду