АКШнын Өкүлдөр палатасы Украинага ири көлөмдө жардам көргөзүүнү жактырды

АКШ Конгрессинин имараты, 20-апрель, 2024-жыл

АКШнын Өкүлдөр палатасы Украинага 61 млрд долларлык жардам көргөзүү маселесин жактырды. Кошмо Штаттардын Конгрессинин Өкүлдөр палатасы көп айларга созулган талкуудан кийин Украинага ири көлөмдө жардам көргөзүүнү колдоп добуш берди. Израиль, Тайвань кирген шериктеш өлкөлөргө коопсуздугун камсыздоого 95 млрд долларлык жардам көргөзүү тууралуу мыйзам долбоорлор топтому көптөн бери талкууланып келаткан.

Украинага бардыгы 61 млрд долларлык жардам, анын ичинде аскердик курал-жарак түрүндө да көмөк көргөзүү каралган. Мыйзам долбоорлорду Конгресстин төмөнкү палатасынын 311 мүчөсү колдоп берсе, 112 мүчөсү каршы добуш берди. Документтер пакети эми Конгресстин жогорку палатасы - Сенатта бекитилиши керек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Конгресстеги добуш берүүнүн жыйынтыгын кубаттап, бул чечим "миңдеген кишилердин өмүрүн сактап калаарын" белгиледи. "Мыйзам долбоорлор Сенатта да колдоо таап, президент Байдендин кол коюусуна жөнөтүлөт деп үмүттөнөбүз", - деп жазды президент Зеленский Х соцтармагындагы барагына.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова телеграм-каналына "АКШнын Украина, Тайвань, Израилге аскердик жардам көргөзүү чечими дүйнөлүк кризистик көрүнүштөрдү тереңдетет" деп жазды.

Конгресстин төмөнкү палатасынын чечими жакынкы күндөрү Сенатта каралып, Ак үйгө жөнөтүлөрүн Вашингтондун расмий өкүлдөрү билдиришти.

Дагы караңыз

Вена конвенциясы. Дипломаттын макамы, консулдун окуясы "Орус армиясынын автоматы "Крокуста" атылган". Согушта уурдалган куралдарИран Израилдин соккусун эмнеге ачык айткан жок?Украина: орус аскерлери кеминде 93 туткунду өлтүргөн