Быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова лицензия алды.
Ал 20-апрелде Бишкектеги Арена спорт комплексинде өткөн мелдеште 68 кг салмакта лицензия үчүн күрөштө өзбекстандык балбан кыз Набира Эсенбаеваны 7:2 менен утту.
Ушуну менен 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде сегиз жолдомо болду. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андан тышкары сууда сүзүүчү Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан.
19-апрелде быйыл Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдешинде эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу жана Эрназар Акматалиев лицензия алган. (BTo)
Дагы караңыз
"Жаңы ысымдар" студенттик театр фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталдыМиграция министрлиги кыргызстандык беш ымыркайды Москвадан Бишкекке кайтардыКыргызстан менен Түркия өз ара жүк ташууда керектелчү уруксат кагаздарын жоюуну макулдашты