20-апрелге караган түнү Орусиянын сегиз аймагында кеминде 50 дрон атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлап, муну үчүн Украинаны айыптады.
Мекеме билдиргендей, 26 дрон Белгород облусунда, 10 дрон Брянск, 8 дрон Курск, 2 дрон Тула облустарында жана Смоленск, Рязанск, Калужск, Москва облустарында бирден дрон атып түшүрүлгөн.
Белгород облусунун Пороз деп аталган айылында учкучсуз учактар таштаган жардыруучу заттардан жеке турак жай өрттөнүп, эки адам каза болду. Калужск жана Брянск облустарында учкан дрондор энергетикалык объектилерге зыян келтирген. Смоленск облусунда күйүүчү-майлоочу кампа күйүп кеткен.
Орус аскерлеринин Украинага каршы кеңири масштабдагы кол салуусу башталган 2022-жылдан бери Орусиянын өзүнүн аймактары да ар кандай аткылоолорго жана дрон чабуулдарына кабылып келет. Орусиянын Коргоо министрлиги муну үчүн украин тарапты айыптап, ракеталар жана дрондорду атып түшүрүп жатканын маалымдап турат. Ошол эле маалда мындан кыйроолор жана курмандыктар да катталып турат. Бул чабуулдардын көбүнө Киев эч кандай комментарий бербейт. (ErN)
Дагы караңыз
Кыргызстанда эл аралык баңги каналына бөгөт коюлдуБишкекте сабалган жети жашар баланын апасы бийликке кайрылуу жасадыАстана шаарында Айкөл Манас айкели ачылдыЭкс-депутат Камчыбек Жолдошбаев тергөө абагынан чыктыАкжолтой Тукунов эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулду