Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан футзал боюнча 2024-жылдагы Азия Кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасы Жапониянын спортчуларын жеңип алды.
18-апрелде болгон оюн 3:2 эсебинде кыргыз футзалчыларынын пайдасына аяктады. Кыргыз тараптан голду Самат Жанат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов киргизди.
Жапония курама командасы Азиянын төрт жолку чемпиону (2006-ж., 2012-ж., 2014-ж., 2022-ж.). Кыргызстан бул мелдеште 2005-жылы коло байгеге ээ болгон.
Маалым болгондой Кыргызстан менен Жапониянын футзал боюнча курама командалары буга чейин 10 жолу беттешкен. Бир оюнду Кыргызстан утса (Азия кубогу, 2016-ж.), тогуз жолу Жапония жеңген.
Футзалдан Азия Кубогу 1999-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2010-жылга чейин жыл сайын болсо, 2010-жылдан тартып, эки жылда бир жолу Кубоктун ээси аныкталат.
Быйылкы мелдеш Бангкок шаарында 18-апрелден 28-апрелге чейин өтөт. Ага 16 команда катышууда.
Кыргызстан С тайпасына Жапония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен бөлүнгөн. Алдыда 20-апрелде Тажикстан, 22-апрелде Түштүк Корея менен беттешет.
Азия кубогуна 16 команда катышууда. Тайпалык оюндардан кийин 8 команда плей-оффко чыгат. (ECh)
Дагы караңыз
Азия чемпионаты: Раззак Бейшекеев күмүш медал алдыЖоламан Шаршенбеков үчүнчү жолу Азия чемпиону болду18-апрель: Абактагы саясатчы басымга кабылганын айтты, Казакстанда селден жети киши набыт болдуПрезидент Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанга барды