Германиянын Федералдык прокуратурасы бул өлкөнүн аймагында диверсия жасоого даярдык көргөн деген айып менен Орусиянын эки жараны кармалганын 18-апрелде тастыктады. Мекеменин маалыматына караганда, алар немис жана орус кош жарандыгы бар адамдар.
Кармалгандар “орусиялык атайын кызмат менен байланышта болгон, АКШ армиясынын аскердик объектилерин, аскердик жана өнөр жай ишканаларын бутага алмак” деп шектелип жатканын 17-апрелде Der Spiegel басылмасы жана ARD телеканалы маалымдашкан.
Алар Украинага аскердик жардамга тоскоолдук кылыш үчүн диверсия даярдап жүрүшкөнү белгиленди.
Немис жалпыга маалымдоо каражаттары Баварияда жайгашкан, украин аскерлери америкалык Abrams танкын башкарууга машыгып жаткан Графенвер аскердик базасы бутага алынмагын жазышты.
Шектүүлөр Бавариянын Байройт шаарында колго түшүрүлдү. Алардын жашаган жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзүлдү.
Орусия бийлиги бул боюнча комментарий бере элек.
Германиянын Тышкы иштер министрлиги орус элчисин чакыртып, түшүндүрмө сурады. (RK)
Дагы караңыз
"Мага тагылган айыптар акылга сыйбайт". Алсу Курмашеванын камалганына жарым жыл болдуОоганстанда талиб өкмөтүнүн чечими менен эки телеканал жабылды "Отургуч сынган, жатакана жок". Көңүл сыртында калган Талас университетиЭки куданы чырдаштырган калың