Улуттук "Манас" театрынын жаңы имаратынын ачылышы бүгүн, 18-апрелде Бишкекте болду. Ага президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, баш прокурор Курманкул Зулушев жана башка мамлекеттик, коомдук ишмерлер катышты.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Манас" театры манасчылык, төкмөлүк жалпы эле айтуучулук өнөрүнүн ордосуна айланарын билдирди.
"Манас" театрынын жаңы имараты мурдагы "Манас айылы" этнографиялык комплекси жайгашкан жерге, жаңы курулуп жаткан Ак үйдүн жанына жайгашты. Имаратта 300 орундуу концерттик зал бар.
Кыргызстанда мамлекеттик макамга ээ болгон Кыргыз улуттук “Манас” театры 2021-жылы түзүлгөн. Театрдын ишмердиги үчүн алгач борбордогу Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынан кеңсе бөлүнгөн.
“Манас” театры Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланат. (MZh/ZKo)
Дагы караңыз
Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча төрт киши 15 жылдан кесилдиАба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайтКеңеш Жусупов: Тарыхый эстутумду ырааттуу чыңдаган залкар жазуучунун адабий кечеси"Чек арасыз кабарчылар" уюму ТикТокту бөгөттөөдөн баш тартууга чакырды"Анализдин баасын көтөрүп алган". 423 млн сомдук айып, "Интелмеддин" жообу