Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда баңгизатын жасагандарга жана саткандарга каршы күрөш күчөтүлө турганын билдирди. Бул тууралуу ал 17-апрелде Шамалды-Сай шаарында Чек ара кызматынын кызматкерлерине 67 батирлүү жаңы көп кабаттуу үйдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасында айтты.
Атайын кызматтын жетекчиси өлкөдө маңзатты сатуунун ар кандай жаңы жолдору пайда болгонун, ага укук коргоо органдарынын да кызматкерлери аралашкан учурлар бар экенин кошумчалады.
“Былтыр жана быйыл үч айды кошуп айтканда 12 милиция кызматкери баңгизат соодасына байланыштуу кармалып, жоопко тартылышты. Баңгизат саткандарга кошулуп сатып, аларга үйрөтүп калкалап жүргөндөр чыгып атат. Булар боюнча да иштерди аткарышыбыз керек”, - деди ал.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2021-жылы бир, 2022-жылы 7, ал эми 2023-жылы синтетикалык маңзат өндүргөн төрт лаборатория аныкталган.
2020-2021-жылдары укук коргоо органдары издөө-иликтөө иштеринин аркасында 28 кг синтетикалык баңгизат табышкан. Ал эми 2022-жылы 89 кг, 2023-жылы болсо 150 килограмм каражат алынган. (BTo)
Дагы караңыз
17-апрель: Оманда сел 18 кишинин өмүрүн алды, Дубайда аэропорт жабылдыТомолой жетимдерге 500 миң сом депозит берүү боюнча жарлык чыктыКремль Тоолуу Карабактагы аскерлерин чыгарып кетип жатканын ырастадыОрусияда журналист жана активист Залина Маршенкуловага издөө жарыяландыМатраимов менен Көлбаевдин бир нече мүлкү сатыкка коюлдуСот актер Чыңгыз Мамаевди актоо өкүмүн чыгардыИран камакка алган кеменин экипажы коопсуздукта экени маалымдалды