Жалал-Абад: Жаандан улам Көк-Арт дарыясында суу көтөрүлдү

Көк-Арт суусу. Жалал-Абад. 17-апрель, 2024-жыл.

Эки күндөн бери жааган жамгырдын кесепетинен Көк-Арт дарыясында суу көтөрүлүп, №10 дамбанын 150 метр аралыгын жеп кеткен. Мындан сырткары дарыянын Сузак районуна караган тарабынын эки жерин суу жеп, коркунуч жаратууда.

Учурда кооптуу жерлерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана Жалал-Абад шаардык Жарандык коргонуу кызматынын 15 техникасы тартылып, суунун нугун буруу аракети көрүлүп жатат.

Көк-Арт дарыясынын кооптуу аймагында жүздөй үй жана өндүрүштүк мекемелер жайгашкан.

15-16-апрель күндөрү жааган жаандан улам Аксы районунда алты-жети айылды суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, суу айылдардагы жолдорду жана үйлөрдү каптаган. Ошондой эле Жалал-Абад шаарындагы 10дой үйдүн короосуна, көп кабатуу үйдүн жер төлөсү менен социалдык үч мекемеге суу кирген. (TB)

Дагы караңыз

Грузияда «чет өлкөлүк агент» мыйзамына каршы акцияда дагы 11 киши кармалды Бир катар майрам күндөрүн жумуш күнү деп бекитүү сунушталдыКыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миңден аштыPACE Косовону Еврокеңешке мүчөлүккө чакырууну сунуш кылдыПарламентте Казакстанда соттолгон ишкер Маркабаевдин маселеси көтөрүлдү