Баткен районунда 16 жаштагы кыз бычак жеп каза болгонун облустук ички иштер башкармалыгы "Азаттыкка" билдирди.
Маалыматка караганда, эки жерине бычак сайылган кыз 15-апрелде саат 21:05 чамасында Баткен облустук борбордук ооруканасына түшкөн. Ооруканада эсине келбей каза болгон.
Факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иши жүрүп жатат.
"Учурда кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдирди милиция.
Каза тапкан кыздын жакындары маалымат бере элек. (ZKo/JsA)
Дагы караңыз
Тажикстанда ондогон үйлөрдү сел каптадыПрезиденттик администрация: "Соростун" жабылышын "Чет элдик өкүл" мыйзамына байланыштыруу туура эмес Чогуу жашаган аялдын өлүмүнө шек саналган киши Ысык-Көлдөн кармалдыБылтыр Кыргызстанда сотторго каршы 11 кылмыш иши козголгон