Украина Орусия учурган дрондун баары кармалганын билдирди

Украина. Архивдик сүрөт.

Украинанын абадан коргонуу системасы Орусия 16-апрелге караган түнү учурган тогуз учкучсуз учактын баарын атып түшүрүүгө үлгүргөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.

Дрондор Херсон, Николаев, Хмельницкий, Полтава, Черкасск жана Днепропетров облустарынын аймагынан кармалганы кабарланды.

Украина абадан коргонуу системасы жана курал-жарагы саны жагынан аз болуп, көйгөй жаралганын айтып жаткан чакта Орусия украин энергетикалык инфраструктурасына чабуулдарын активдештирүүдө.

АКШ жана башка союздаштары убада кылган аскердик жардам маселеси чечиле элек.

Дагы караңыз

Бонецкий лабораториясына 423 миллион сомдук айып салындыКара-Сууда ыдык көрдү делген кыздын жакындары чогулуш өткөрдүБишкек мэри: Ататүрк паркынан жер берүү боюнча чыккан буга чейинки 124 токтом жокко чыгат"Мыйзамсыз курулган объектилерди калкалап келген". Вице-мэр Сазыкулов камалды