Израил Газадагы чабуулдары уланарын билдирди

Газа сектору.

Израил 15-апрелге караган түнү Газа секторуна абадан ондогон чабуул жасаганын ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) билдирди.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын “болуп көрбөгөндөй” чабуулуна карабастан Газадагы операциясынан алаксыбай турганын айткан. Армия өкүлү Даниэл Хагари операцияны “ХАМАСтын колунда барымтада кармалып тургандарды бошотуу боюнча маанилүү миссия” деп атады:

«ХАМАС Иран сыяктуу эле аймактагы абалдын курчушун каалап жатат. ХАМАС биздин адамдарыбызды Газада дагы эле барымтада кармап турат. Биз аларды бошотуу үчүн колубуздан келген аракетибиздин баарын жасашыбыз зарыл. Рафахта да барымтада тургандар бар, аларды да үйүнө кайтарышыбыз керек».

Израил Газадагы аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинде аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Согуш башталгандан бери сектордо каза тапкандар 33 миңден ашканын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө, курмандыктар 32 миңден ашуун экенин өткөн аптада БУУ да тастыктаган.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Израил барымтадагылардын баары бошотулушу керек деген, ал эми ХАМАС израилдик аскерлер Газа секторунан толук чыгып кетиши керек деген талаптарын коюп жатышат.

Газада барымтада калгандар 130 экени, бирок алардын 30у каза тапкан болушу ыктымал экени айтылууда.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге каршы жапырт чабуул жасаган. Израил армиясынын маалыматына караганда, 170 учкучсуз учак, 120дан ашуун баллистикалык ракета, 30дай канаттуу ракета колдонулду, бирок Израил өзү жана союздаштары ошонун 99%, анын көбүн өлкөдөн тыш аймактан атып түшүрүүгө үлгүрдү. Ракеталардын бир нечеси гана Израилдин өзүнө жетип, түштүктөгү авиабазалардын бирине тийип, «анча олуттуу эмес» зыян келтиргени, жети жашар бир кыз гана жараат алганы кабарланды. (RK)

Дагы караңыз

Казакстанда сел каптаган аймактарда эвакуация иштери улануудаМэриянын демилгеси: Ататүрк паркындагы мыйзамсыз үйлөр бузулабы? Мэрия Ататүрк паркындагы курулуштар боюнча комментарий бердиПакистанда үч күндө жаратылыш кырсыгынан кеминде 36 адам каза тапты