Нарын шаарында окуучу кыздарга бир топ жылдан бери ыдык көрсөтүп келген деп айтылып жаткан адам 14-апрелде асынып каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милиция буга чейинки маалыматтарды териштирүү уланып жатканын кошумчалады.
Инстаграмда Нарында англис тили курсунан сабак берген мугалим бир топ жылдан бери окуучу кыздарга ыдык көрсөтүп келгенин баяндаган баракча ачылган. Бир топ кыздар мындай окуяга кабылганын айтып, өздөрүнүн башынан өткөргөндөрүн анонимдүү түрдө жазып жатышкан.
Коомчулукта ал мугалимди жоопко тартуу талабы айтылып жаткан. Нарын облустук ички иштер башкармалыгы фактыны териштире баштаган. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн ондогон чет элдик жаран депортацияланат УКМК Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов кармалганын билдирдиШашылыш билдирүү: Сел жүрүү коркунучу барЖаш баланы сабоого шек саналган адам үй камагына чыкты “Чоң жети” Ирандын Израилге жасаган аба чабуулун кескин айыптады"Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлерди кабыл алуу 1-майда башталатКыргызстан Иран менен Израилди тынчтыкка чакырды