Шашылыш билдирүү: Сел жүрүү коркунучу бар

Ош. Иллюстрация

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, 15-16-апрель күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Ошондой эле тоолуу жолдорго кар көчкү түшүүсү жана кар күрткү жаралышы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолордо карга айланат. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 13…18;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 14…16° жылуу болот.

Дагы караңыз

"Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлерди кабыл алуу 1-майда башталатКүрөш: Айсулуу, Айпери жана Тайырбек чемпион болду Мэриянын демилгеси: Ататүрк паркындагы мыйзамсыз үйлөр бузулабы? Кыргыз тайганы: Казак талаасындагы жарышКыргызстан Иран менен Израилди тынчтыкка чакырды