Жаштардын чет жакта билим алуусуна колдоо көрсөтүүнү көздөгөн президенттик “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына кезектеги талапкерлерди тандоо башталат. Аталган стипендияга документтерди кабыл алуу онлайн түрүндө 1-майда башталып, 30-майга чейин жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 15-апрелде маалымдады.
"Эл үмүтү" стипендиясын алуу үчүн магистратурага тапшырган 40 жашка, докторантурага - 45 жашка чейинки Кыргызстандын жарандары талапкер боло алышат.
Былтыр бул стипендияны 17 жаран утуп алган. Алардын 2023-2024-окуу жылында дүйнөдөгү 100 эң мыкты университетке кирген окуу жайларда окуп магистр жана доктор даражасын алуусу үчүн президенттик фонддон 60 миллион сомдой каражат бөлүнгөнү кабарланган. 2022-жылы аталган стипендияны утуп алган тогуз кыргызстандыкка президенттик фонддон 30 млн сом берилген.
Кыргызстанда “Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы 10-майда кол койгон.
Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Бериле турган акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.
Документке ылайык, техникалык жана инженердик багыттарга артыкчылык берилет. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырса болот.
Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө он стипендия бөлүнөт.
Кыргызстандык студенттердин чет өлкөлөрдө окуусун колдоо боюнча мурда "XXI кылымдын кадрлары" деген улуттук программа иштеген. Ага ылайык, окуу акысын мамлекет төлөп берген студенттер чет өлкөдө университетти бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде иштеши керек болчу.
Кийинчерээк программаны каржылоо жана уюштуруу иштери аксап, өз максатына жетпей калган. (ZKo)
Дагы караңыз
Кыргызстан Иран менен Израилди тынчтыкка чакырдыБалык чарбалары тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталуудаМэриянын демилгеси: Ататүрк паркындагы мыйзамсыз үйлөр бузулабы? “Чоң жети” Ирандын Израилге жасаган аба чабуулун кескин айыптадыТашкент Израилдеги жарандарын этият болууга чакырды