Зеленский орус армиясынын соккуларына каршы туруу үчүн шашылыш жардам сурады

Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын кезектеги түнкү аба чабуулунан кийин өнөктөш мамлекеттерге кайрылып, кошумча жардам көрсөтүүнү суранды. Ал "жардам кечиккен ар бир күн олуттуу талкалоолорго жана адам өмүрүнүн кыйылышына алып келип жатканын" кошумчалады.

X социалдык түйүнүнө жазган билдирүүсүндө Зеленский "дүйнөдө кандай гана болбосун ракеталарды, "Шахед" дрондорун жана террордун башка түрүн токтотууга керектүү нерсенин баары бар экенин" билдирди.

"Туруктуу жана бекем коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн чечим гана керек",-деди Зеленский.

Украин армиясы билдиргендей, 14-апрелге караган түнү орус армиясы Украинаны аймактарын ондой дрон менен аткылады. Алардын баары Орусиянын Курск облусунан учурулганы маалым болду.

Украина аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдиргендей, он дрон тең атып түшүрүлдү.

Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов билдиргендей, 13-апрелдин кечинде орус армиясынын соккусунан эки менчик турак жай жабыркады. Эки киши набыт болду. Ал эми Сумы облустук прокуратурасы маалымдагандай, жекшемби таңда орус армиясынын дрону жүк ташуучу унаага түшүп, айдоочусу мүрт кетти.

Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан Орусия Украинадагы жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

Дагы караңыз

Казакстанга дагы 150 тонна гумжардам жеткирилетАйсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалына чыктыОшто кыз ала качууга шек саналып үч киши кармалды