Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын финалына чыкты

Айсулуу Тыныбекова. (архив)

Бишкекте өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатында 14-апрелде кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.

Тыныбекова Кореянын балбаны Субин Жону 3,3 мүнөткө жетпеген убакта жеңип алды. Жарым финалда Монголиядан келген Церенчимед Сукхени 13:3 эсебинде утту.

Эми финалда ал Жапониядан келген балбан кыз Сакура Мотоки менен күч сынашат.

Азия чемпионатында 13-апрелде кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы жеңишке жетишип, алтын медал тагынган. Ошондой эле Арууке Кадырбек кызы менен Гүлнура Таштанбекова коло байгеге ээ болушкан.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 16-апрелге чейин уланат.

Дагы караңыз

"Жайында көчөгө чыга албай калдык". Өкмөттү сотко берген пенсионер аялдардын жеңиши “Акылдын кенчин залкарларды ээрчип жүрүп таптым” Ошто кыз ала качууга шек саналып үч киши кармалдыАба ырайы: көпчүлүк аймакта күндүз жаан жаайтВикрам Рузахуновдун иши Казакстандын Башкы прокуратурасына өттү