Бишкектеги кофеканага жамынган кумар оюндары

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жарым жылдан бери Бишкек боюнча бир нече “Кофе и точка” деген жай иштеп жатат. Сыртынан караган кишиге борбор калаадагы кофеканалардын бириндей эле көрүнөт.

Бирок анын туруктуу кардарлары кофе сүйүүчүлөрү эмес, үйүн, унаасын жана болгон байлыгын интернеттеги кумар оюндарына салган адамдар. Алардын бири “Азаттыкка” кайрылып, “Кофе и точко” түйүндөрүнүн ишмердиги боюнча маалымат берген.