Украина Крымда Орусиянын Ка-27 тик учагы жок кылынганын билдирди

Ka-27 тик учагы. Архивдик сүрөт.

Москва оккупациялап алган Крымда Орусиянын Ка-27 тик учагы жок кылынганын бүгүн 10-апрелде Facebook баракчасына Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн расмий өкүлү Дмитрий Плетенчук жазды.

"Крымда [бир] орусиялык Ка-27 минус болду. Бир нерсе издеген экен. Тапты", - деген Плетенчук андан башка маалыматты ачыктаган жок.

«Бул боюнча такталган маалыматты жарыялоого азырынча даяр эмесмин», — деди ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматына.

Орусия азырынча Украинанын бул билдирүүсүнө расмий комментарий бере элек.

Ка-27 тик учагы — советтик мезгилде жасалган учак. Февраль айында украиналык аскерлер Донецк облусунун Авдеевка аймагында орусиянын чабуул коюучу К-52 тик учагы жок кылынганын билдиришкен. (RK)

Дагы караңыз

"Маанай да, шарт да жок". Газадагы Орозо айтГазалыктар Орозо айтты согуш шартында белгилештиБайден Нетаньяхунун Газа боюнча саясатын «катачылык» деп атадыCPJ камалган журналисттердин баарын бошотууга чакырды