Быйыл коопсуздукту сактоо үчүн Орозо айт намазы облус, шаарлардын аянттарында эмес, мечиттерде окулду.
Эл мечиттерге саат 6:15те чогулуп, баяндар айтылып, намаз саат 7:30да окулду. Мусулмандардын ыйык Орозо айынын соңундагы Айт майрамы быйыл 10-апрелге туш келди. Кыргызстанда бул күн дем алыш деп жарыяланган.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо Айт майрамы менен куттуктап, кыргыз эли Исламдын баалуу көрөңгөлөрүн өзүнүн түптүү каада-салттары менен айкалыштырып жашап келгенин билдирди. Мамлекет башчы Орозо айт намазын Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте окуду.
Бир канча жылдан бери Айт намаз Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген кишилер катышат.
2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам намаз мечиттерде гана аралык сактап окулган. Быйыл коопсуздуктан улам Орозо айт намазы өлкөдөгү жума намаз окула турган мечиттерде окулду. Социалдык тармактарда буга нааразы пикир жазгандар да болду. (BTo)
Дагы караңыз
Бейбаштыкка айыпталган алты киши эки айга камалдыСербия Франциядан аскердик учак сатып алып жатканын билдирди Сел каптаган Орск шаарынын тургундары талап-тоноо болуп жатканын айтышты9-апрель: Абактан чыккан журналисттер, “мекенчилдердин” иши, Казакстандагы селУкраина Орусиянын авиаборборуна жана ракеталык кемесине чабуул койгонун тастыктадыУкраинада ракета чабуулунан кеминде беш адам курман болду, ондогон кишилер жараат алды Иранда студент кыздардын видеосу боюнча териштирүү башталдыКазакстанда сел күйдүргү калдыгы көмүлгөн жайларды да каптады