Казакстан: Күлсарыда 2000ден ашуун үйдү суу каптады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эми Казакстандагы кырдаалга келели. Атырау облусундагы 66 миң калктуу Күлсары калаасы суу ташкынынан эң көп жапа чеккен жерлердин бири. Шаардын 34 миң тургуну өз үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Ал жерде 2 миң 600 жер там жана административдик имараттар суу астында калды.