Боом капчыгайында жол кыймылына убактылуу чектөө кирет

Боом капчыгайы. Архив.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 15-19-апрель күндөрү Боом капчыгайында таш кулатуу иштерине байланыштуу жол кыймылына чектөө коюларын кабарлады.

Таш кулатуу иштери күндүз жүрүп, саат 9:00дөн баштап 15:00гө чейин уланат. Жол коопсуздук кызматкерлери унаалардын кыймылын чектеп, бир тараптуу тилке жабылат. Кезек күткөн транспорт каражаттары 30-40ка жеткенде, таш кулатуу иши токтотулуп, жол ачылып турат.

Мекеме таш кулатуу иштери унаа жана темир жол коопсуздугу үчүн жүргүзүлөрүн белгилеп, жүргүнчүлөрдү сапарга чыгарда муну эске алууга чакырды.

Боом капчыгайында кооптуу таштарды кулатуу жана аларды тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жылына бир нече жолу унаалардын кыймылына чектөө киргизилип турат.

Дагы караңыз

Украинада ракета чабуулунан кеминде беш адам курман болду, ондогон кишилер жараат алды Иранда студент кыздардын видеосу боюнча териштирүү башталдыКазакстанда сел күйдүргү калдыгы көмүлгөн жайларды да каптады Reuters: Орусия Казакстандан 100 миң тонна бензин сурады