«Казгидромет» кызматынын Атырау облусундагы филиалы Жайык (Урал) дарыясындагы суу өткөн 24 саатта да киргенин билдирди. 8-апрелде эртең менен Индербор айылында суу 44 сантиметрге, Махамбетте 62, Атырауда 20 сантиметрге көтөрүлгөнү маалымдалды.
Жекшембиде Атырау облусуна өзгөчө режим киргизилген. Өткөн жума күнү Жылыой районунун борбору Күлсарыда 2600дөн ашуун турак жай менен административдик имарттарды суу каптаган, миңдеген киши эвакуацияланган.
6-апрелде казак президенти Касым-Жомарт Токаев мындай «жаратылыш кырсыгы» көп жылдан бери боло электигин белгиледи. «Масштабы жана кесепети жагынан бул - Казакстанда акыркы 80 жылдан берки ири апаат болушу мүмкүн», - деп айтты президент.
Токаев ал сындагандан кийин «өкмөт суу каптоонун кескепттерин азайтуу чараларын күч алдырганын жана тиешелүү чара көргөнүн» кошумчалап, эң негизгиси «адам өмүрүн сактоо маанилүү экенин» кайталады.
Кошуна өлкөнүн 10 регионунда жергиликтүү алкактагы чукул кырдаал режими жарыяланды. Бийлик Миялы, Аккөре, Жангелдин, Жаскайрат жана Көздикара аймагын суу каптоо коркунучу жоюлганын билдирди.
7-апрелде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Күлсары шаарында эки кишинин сөөгү табылганын, алар суу каптаган үйдү текшерүү үчүн трактор менен жүрүп, оодарылып кеткенин билдирди.
Дагы караңыз
"Чет элдик өкүл": Президенттин убадасы, бейөкмөт уюмдардын санаасы "Мектептер 50% гана камсыз болгон". Окуу китептердин тартыштыгы, статистикадагы айырма Москвадагы мигранттар: "Үйүнөн кууп чыкты. Таксиге кардар азайды" "Украинадагы согушка барасың дептир". Орусияда кармалган жигиттин жакындары бийликке кайрылды