Кыргызстан Улуу Британиядан инвестиция тартууга, технология, сейрек кездешүүчү металлдар жаатында кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу 8-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Бишкектеги элчиси Николас Боулерди кабыл алганда сөз болду.
Расмий маалыматта алар ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, соода тармагындагы алаканы кеңейтүү жөнүндө сүйлөшкөнү айтылат. Кеңири маалымат берилген жок.
Былтыр ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондонго барганда британиялык инвесторлорду жана ишкерлерди Кыргызстан менен кызматташууга чакырган.
Жапаров Кыргызстан Лондон металл биржасы менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, түстүү металлдарды дүйнөгө, анын ичинен Лондон металл биржасы аркылуу сатууга мүмкүнчүлүк издеп жатканын белгилеген.
Лондондогу металл биржасынын рынокту өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Робин Мартин бул биржа дүйнөнүн башка мамлекеттери менен кызматташкандай эле Кыргызстан менен да иштешүүгө даяр экенин билдирген. (SE)
Дагы караңыз
Кыргызстан жөнөткөн гуманитардык жардам Актөбө облусуна багыт алдыТемиров жубайына абакта күч колдонулушун журналисттик иликтөө менен байланыштырды МАГАТЭ: дрон чабуулу Запорожье АЭСиндеги энергетикалык блокко зыян келтирди