ӨКМ: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот

Шамал кыйраткан чатыр. Иллюстрациялык сүрөт.

6-апрелде түштөн кийин жана кечинде Бишкек жана Чүй облусунун аймагында батыштан соккон ылдымдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Министрлик элди шамал учурунда коопсуз жайда, электр зымдарынан жана бак-дарактардан алыс болууга жана автоунааларын токтотууга чакырууда.

28-мартта Бишкек, Чүй аймагында ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен шамал болгон. Социалдык тармактын колдонуучулары шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарактар кулап, автоунааларды басып калганы тартылган сүрөт-видеолорду жарыялашкан.

Шамалдан борбор калаа Бишкектин тарткан чыгымы 16 млн сом, ал эми Чүй облусуна келтирилген чыгым 28,5 млн сом деп эсептелди.(ZKo)

Дагы караңыз

ЖАК абактагы журналист Махабат Тажибек кызы сабалганын четке кактыТажрыйба менен дараметти сынаган Балыкчы - Барскоон жолуЭки айда 2 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталдыХарьковдо дрон чабуулунан алты киши мерт болду