Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Казакстандын суу ташкынынан жабыркаган аймактарына 300 тонна гуманитардык жардам жеткирет. "Азык-түлүк кербени" деп аталган гумжардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулууда.
ӨКМдин куткаруучулары коштогон гумжардам колоннасы 6-апрель күнү саат 4:00тө чыгып кетти.
Гумжардамда өсүмдүк майы, кумшекер, ун жана таттуу азыктар, төшөнчүлөр, чатырлар жана башка зарыл буюмдар бар.
Марттын 26сынан бери Казакстанда сел каптаган аймактардан 19 миңдей киши коопсуз жерлерге чыгарылды. Өзгөчө кырдаал Батыш Казакстан, Актөбө, Акмоло, Абай, Костанай облустарынын бир нече район-шаарында жарыяланды. Эки бала сууга чөгүп чарчап калганы, бир нече адам дайынсыз болуп жатканы кабарланды.(ZKo)
Дагы караңыз
"Крокус Сити": Борбор Азиядан барган алты киши кармалды"Рахиманы биз башкаларга үлгү кылып көрсөтчүбүз"Орусияда тажик мигранттары жашаган жатакана текшерилип, 60тай киши кармалдыИманкулов: "Талибандан" коркунуч жок, бирок расмий тааныбайбыз