Орусияда камакта отурган оппозиционер активист Илья Яшин кайрадан жазалоочу камерага отургузулганын бугүн 5-апрелде анын адвокаты билдирди. Жактоочу Михаил Бирюковдун айтымында, бул жолу активистти түрмөнүн "куртканы таңкы тамакка отурганга чейин чечпеш керек" деген эрежесин бузду деп жазалашты.
Жарык жана жел кирбеген тар жайда ал 10 күн өзү жалгыз өткөрүүгө милдеттүү болот.
Активист ушул сыяктуу майда "эреже бузуулар" үчүн буга чейин да абактагы жазалоочу жайга бир нече жолу отургузулган.
Илья Яшин орус аскерлеринин Украинанын Буча шаарындагы жай тургундарга каршы жасаган кылмыштары тууралуу айткандан кийин 8,5 жылга эркинен ажыратылган, азыр ал шарты катаал колонияда камакта отурат. Ага “фейк маалымат тараткан” деген айып тагылган. (RK)
Дагы караңыз
НАТО: Украина үчүн 100 млрд евролук беш жылдык фонд түзүү сунушталдыАбактан чыккан активист кайра камалды"Рахима боорукер, тың болчу". Бычак жеген келиндин үч баласы жетим калдыБычакталган келиндин күйөөсү эки айга камалды