5-апрель: Активист Төрөкулова кайра камалды, НАТО Украинага 100 млрд евролук фонд түзүүнү көздөйт

Активист Зарина Төрөкулова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда. 29-ноябрь, 2023-жыл.

5-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

УКМКнын төрагасы Ташиев Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай акча алынарын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев “Азаттыктын” коррупцияга каршы күрөш тууралуу суроолоруна жооп берип жатып, камактагы мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай каражат алынарын билдирди. Ташиев ал жакында эле 60 млн долларлык мүлкүн өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин айтты.

Активист Зарина Төрөкулова сот чечими менен кайра камалды

Бишкек шаардык соту жарандык активист Зарина Төрөкуловага өкүм чыгарып, ага берилген пробация мөөнөтүн жокко чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жактоочусу Акмат Алагушев билдирди. “Шаардык сот Биринчи май райондук прокуратурасынын арызынын негизинде Төрөкуловага берилген пробациялык мөөнөттү жокко чыгарып, калган беш жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды. Төрөкулова сот залынан камакка алынды”, - деди Алагушев.

Төрөттөн каза болгон келиндин өлүмүнүн себеби иликтенүүдө

Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 23-мартта каза болгон 18 жаштагы келиндин өлүмүнүн себеби иликтенүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук төрөт боюнча координатор Анара Айткулуева билдирди.
Анын сөзүнө караганда, келиндин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн атайын экспертизалар дайындалып, Бишкекке жөнөтүлдү.

Бишкекте аялын өлтүрүүгө шектелген күйөөсү эки айга камалды

Биринчи май райондук соту 33 жаштагы Рахима Айкымбаеванын өлүмүнө шектүү деп кармалган, маркумдун күйөөсү Б.К. аттуу жаранды 4-июнга чейин тергөө абагына камады. Бишкектеги Кут жаңы конушунда үч баланын энеси, Рахима Айкымбаева күйөөсүнүн колунан каза тапканын 4-апрелде "Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирген. Биринчи май райондук милициясы кылмышка шектүү жаранды кармаган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иманкулов: Сириядан дагы 300дөй кыргызстандыкты алып келебиз

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Сириянын убактылуу лагерлериндеги 300дөй кыргызстандык алып келинерин билдирди. Иманкулов “Азаттыкка” курган маегинде соңку жылдары ал өлкөнүн лагерлериндеги 600дөй кыргызстандык мекенине жеткирилигенин айтты.

НАТОдо Украина үчүн 100 миллиард евролук беш жылдык фонд түзүү сунушталды

Латвиянын тышкы иштер министри Кришьянис Кариньш “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен болгон маегинде бул Москвага НАТОнун ички биримдигин көрсөтүүчү далил да болорун айтты. Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башкы дипломаттарынын жолугушуусунда бул сунушту ишке ашыруу планы талкууланды.

Байден Израилге колдоо Газада коопсуздуктун камсыздалышына жараша болорун айтты

АКШнын Израилдин Газадагы операциясы боюнча колдоосу жай тургундардын жана сектордо иштеп жаткан гуманитардык уюмдардын кызматкерлеринин коопсуздугу канчалык камсыз кылынарына жараша болот. Бул тууралуу 4-апрелде Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефондон сүйлөшкөндө айтты. Ак үйдүн маалыматына караганда, Байден Нетаньяхуга "жарандык калк зыян тартпашы, гуманитардык уюмдардын кызматкерлери кооптуу абалга учурабашы үчүн конкреттүү жана аткарылуучу кадамдарды жарыялап, ишке ашыруу керектигин" так айтты. 4-апрелде Израил Газадагы согуш операциясынын тактикасын өзгөртөрүн билдирди.

Грузияда парламенттеги гендердик квотага каршы мыйзам кабыл алынды

Буга чейин Грузияда парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн партиянын талапкерлеринин тизмесинде ар бир төртүнчүсү, ал эми 2028-жылга карата ар бир үчүнчүсү аял болушу керек деген талап бар болчу. Азыркы сунушту сындап жаткандардын пикиринде, муну менен бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы шайлоо тизмесиндеги аял талапкерлерден арылып, анын шайлоо өнөктүгүн каржылай турган олигархтар үчүн орун бошотууда. "Аялдар кыймылы" бирикмеси гендердик квота грузин саясатында аялдардын санын 14 проценттен 20 процентке көбөйткөнүн белгилейт.

Казакстанда сел каптаган аймактарда абал кооптуу бойдон калууда

Атырау облусунда Жем дарыясы жээктен чыгып, жанындагы үйлөрдү каптады. Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеолордон жергиликтүү тургундарды эвакуациялоого аскерлер да тартылганын көрүүгө болот. Премьер-министр Олжас Бектенов Актөбө облусунда Магажан дамбасы жарылышы ыктымал деген коркунучтан улам бул аймактагы элди эвакуациялоону тездетиш керектигин айтты. Бул облуста да өзгөчө кырдаал жарыяланган. 800дөй үйдү суу каптады, 9 миңдей киши коопсуз жактарга чыгарылды. 4-апрелде өзгөчө кырдаал киргизилген Батыш Казакстан облусуна президент Касым-Жомарт Токаев барды.

Өзбекстанда Украинадагы согуш тууралуу тасманы көрсөтүүгө тыюу салынды

Маданият министрлиги даректүү тасмалардын "Артдокфест – Азия" фестивалынын алкагында режиссерлор Виталий Манский менен Евгений Титаренконун "Чыгыш фронту" аттуу Украинадагы согуш тууралуу тасмасын көрсөтүүгө тыюу салды. "Чыгыш фронтунун" премьерасы 2023-жылы 24-мартта – Орусиянын Украинага каршы согуш баштаганынын бир жылдыгына карата Берлинале фестивалында болгон.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.