Казакстанда жол кырсыгынан Өзбекстандын сегиз жараны каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда 3-апрелде жол кырсыгынан Өзбекстандын сегиз жараны каза болду. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсык "Самара – Чымкент" автожолунун Актөбө облусундагы бөлүгүндө (678-чакырымында) катталган. Өзбек жарандары бараткан Toyota-Аlhpard автоунаасы Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында жеңил машинедеги сегиз өзбекстандыктын баары (1 айдоочу жана 7 жүргүнчүсү) кырсык болгон жерде мүрт кеткен.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, трассада бараткан жүк унаасынын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кеткен.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен атайын өкмөттүк комиссия түзүлдү. Комиссия каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү жана жерге берүү иштерин уюштуруу менен алектенери кабарланды.

Дагы караңыз

Түркия күрддөр партиясынын өкүлү шайлоодо утканын тааныды Президент айыптоосу тастыкталбаса, депутат да жазаланарын билдирдиИзраил Ирандын өч алуу тууралуу билдирүүлөрүнөн кийин коопсуздук чараларын күчөттү“Жарандык коомго чоң сыноо”. Талаштуу мыйзамга реакциялар